Президенттик шайлоого байланыштуу 50 мыйзам бузуу катталды

Президенттик шайлоого байланыштуу 50 мыйзам бузуу катталды

Президенттик шайлоого байланыштуу 50 мыйзам бузуу  фактысы катталды.  Бул тууралуу маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.

Анын айтымында эң көбү Ош облусунда 16 мыйзам бузуу фактысы катталган. Андан кийин Бишкекте 15, Чүйдө 7, Жалал-Абадда 4, Ысык-Көлдө 3, Ош шаарында 2, Таласта 2, Нарында 1 факты катталган.

“Булардын ичинен 15 мыйзам бузуу Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө. Калган 35 факты электрондук журналга киргизилген. 9 кылмыш иши боюнча тергөө иши жүрүп, 6 иш кыскарган. Ал эми добуш сатып алуу боюнча 5 иш түшүп, төртөө кыскарган. Уурулук боюнча Сузакта катталып, тергөө иши жүрүүдө. Ээнбаштык боюнча 2 факты катталган болсо, бирөө кыскарган. Жоруктар боюнча 6 иш келип түшкөн, анын төртөөсү кыскарды», — дейт Айткурманов

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>