Прокуратура Кумтөр кенинин айланасында кылмыш ишин козгоду

Прокуратура Кумтөр кенинин айланасында кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиясынын материалдарын изилдеп, коррупциялык укук бузууларды аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1992-жылдан 2019-жылга чейин мамлекеттик органдардын айрым жогорку даражалуу жана башка кызмат адамдары “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчилиги менен биргеликте “Камеко”, “Центерра Голд Инк” “Кумтөр Оперейтинг Компани” жана “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын өкүлдөрү менен “Кумтөр” алтын кенин жоопкерчиликсиз иштетүү үчүн Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келген бир катар макулдашууларды түзүшкөн. Анын кесепетинен жаратылыш кайра калыбына келбеген абалга келип, мамлекетке миллиардаган зыян келтирилген.

2021-жылдын 18-майында аталган факты Башкы прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (“Коррупция”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>