Чиркейлер кандай адамдарды көп чагат? Адистин жообу

Чиркейлер кандай адамдарды көп чагат? Адистин жообу

Чиркейлер адамдардын канынын белгилүү бир тобуна барат деген пикир туура эмес. Бул тууралуу Москва мамлекеттик университетинин биология факультетинин жалпы экология жана гидробиология кафедрасынын кызматкери Вадим Марьинский айтып берген.

Адистин пикиринде, чиркейлер үчүн таптакыр башка параметрлер маанилүү.

“Алар үчүн адамдан чыккан жыт жана жылуулук маанилүү. Адамдар арасында белгилүү бир кандын тобу чиркейлерди чакырат деген акылга сыйбаган окуяларды уга аласыз. Чындыгында бардыгы бир аз жөнөкөй. Эгерде адам аябай тердеп жатса, анда аны чиркейлерге табуу оңой болот, — деп түшүндүргөн Вадим Маринский.

Анын айтымында, чиркейлер көп тердегендерге жабышып, башкаларга көңүл бурбай коёт деген пикирден алыс болуу керек.

“Адамдар топ болуп сейилдесе, бак-дарактардын ичинде же верандада чай ичип отурушса, анда чиркейлер бир топ адамдарды тапкан соң, алар кимди чагайын деп тандабайт. Алардын чыт аркылуу артыкчылыктары бар экендигин жокко чыгарууга болбойт, бирок адамдардын тобуна келгенде анчалык деле маани бербей калышат”, — деген Sputnik Орусия радиосуна берген маегинде.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>