Прокуратура Текебаев менен Чотоновду айыптоодон баш тартты

Прокуратура Текебаев менен Чотоновду айыптоодон баш тартты

13-апрелде Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин карап жатат.

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча прокуратура мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартты.

Текебаев жана Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден 1 млн АКШ доллар пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана эки саясатчыны үй камагына бошоткон. Андан бери иш райондук сотто каралып жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>