Прокуратурадан тергөө укугун алып салуу сунушу экинчи окуудан өттү

Прокуратурадан тергөө укугун алып салуу сунушу экинчи окуудан өттү

Бүгүн, 14-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында прокуратура органдарынан тергөө функциясын алып салуу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоор президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору жөнүндө Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Мыйзам долбоору прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Конституциянын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоор экинчи окууда колдоо тапты.

Ошондой эле жыйында “ Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун да депутаттар экинчи окууда колдоп беришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>