«Эмне деген акмакчылык!» Президент Ысык-Көлдү булгагандарды сындады (видео)

«Эмне деген акмакчылык!» Президент Ысык-Көлдү булгагандарды сындады (видео)

Президент Садыр Жапаров экология боюнча маселе көтөрүп, жарандарды айлана чөйрөнү, анын ичинде Ысык-Көлдү таза кармоого чакырды.

Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин сыйлоо аземинде сүйлөп жатып, министрликтин кызматкерлеринин Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштери тууралуу сөз кылды.

Анын айтымында, ӨКМдин кызматкерлери 4 ай мурда Ысык-Көлдү таштандыдан жана балык уулоо үчүн ташталган торлордон тазалоо иштерин баштап, бүгүнкү күнгө карата суучулдар 96 чакырым тор жана 6 тонна таштанды чыгарган.

«Браконьерлерге кайрылып кетейин, салган торлоруңар унутулуп калып, балыктар чирип кеткен учурлар болуп жатат. Бул эмне деген акмакчылык! 96 чакырым тор! Көлдүн түбүнүн баары эле тор болуп кеткен. Келгиле балыктарга да 3-4 жыл тынч жашоо бербейлиби!»,— деди ал.

Жапаров Ысык-Көлдүн түбү эле эмес, көлдүн тегереги да таштандыга толгонун айтып, жарандарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>