Путин менен Зеленский ок атышууну токтотууга макулдашты

Путин менен Зеленский ок атышууну токтотууга макулдашты

Дүйшөмбү күнү Парижде «Норманд төрттүгүнө» кирген өлкөлөрдүн лидерлери — Франция, Германия, Орусия жана Украина президенттери жолугуп, Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Тараптар кеңири жыйындардан тышкары өз-өзүнчө да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Алгач Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын башчысы Владимир Зеленский жолукту.

Тараптар Донбасстагы абалды жөнгө салуу тууралуу Минск келишимдеринин аткарылышын талкуулап, ок атпоо режимин 2019-жылдын аягына чейин сактоо боюнча макулдашууга келишти.

Кеңири жыйындын жүрүшүндө тараптар жыл соңуна чейин бардык туткундарды алмаштыруу маселесин талкуулап, ага чейин аларга «Кызыл Чырым» уюмунун кызматкерлеринин тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалышы керектигин белгилешти. Ошондой эле жолугушууда Донбасстагы куралдуу күчтөр чыгарылып кете турган жаңы үч тилке аныкталды. Тараптар орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактар менен Украинанын ортосунда жаңы өткөрмө бекеттерди ачуу зарылдыгын да белгилешти.

Мындан тышкары мамлекет башчылар кийинки жолугушууларда жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарда жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүнүн форматын талкуулоо боюнча макулдашты.

Жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды. Анда мындан аркы сүйлөшүүлөрдө тараптар база катары Минск келишимин кармана тургандыктары белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>