Рафаэль Физиев: Кыргызстан мени сатып кетти

Рафаэль Физиев: Кыргызстан мени сатып кетти

Кыргызстандык UFC уюмунун жеңил салмактагы рейтинги боюнча спортчу Рафаэль Физиев мындан ары өз өлкөсүнүн желеги астында мелдешке барбай турганын тастыктады. Бул туурасында  Sports.kz Fightnews.info сайтына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Буга чейин Физиев диний куугунтукка кабылып, кыргыз туусу астында беттештерге чыгуудан баш тартканын айткан болчу. Спортчу өзүнүн бул мындай кадамы менен өз өлкөсүнө чыккынчылык кылбаганын билдирет.

«Мен мындан ары эмне болорун билбейм. Мен эртең эмне болорун да билбейм, ошондуктан аны акыркы жана кайталангыс деп айта албайм. Азырынча жакшы. Жердештерим бардык жерде мени өз өлкөсүнө чыккынчылык кылды, сатылды деп кыйкырып жатышат, бирок чындыгында бул өлкө мени сатып кетти», — деди Рафаэль Физиев Sport Express YouTube каналына берген маегинде.

Физиев акыркы жолу былтыр декабрда UFC турниринде беттешкен. Андан соң жаңы зеландиялык Брэд Ридделлди үчүнчү раундда техникалык нокаут менен жеңип алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>