Боливияда 100 жыл ичинде алгач ирет жапайы мышыктын жаңы түрү ачылдыКыргызстандын коммерциялык банктарынын активдери 1,2 трлн сомго жеттиСадыр Жапаров АКШнын Юта штатынын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташтыкты талкууладыЭксперт: Бишкек ШКУ өлкөлөрү үчүн бейтарап каржы аянтчасына айланууга кудуреттүүКМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары лабораториясы ачылды20-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Ысык-Көл: Боом капчыгайында куураган чөп күйдү
18.01.2022 | 09:52
17-январь күнү саат 20:15 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 147-чакырымында кургак чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине Балыкчы шаардык 5 куткаруучу тартылган. Өрт тоонун этегинде болгондугуна байланыштуу өрт өчүүрүчү унаа баралган эмес. Кол шаймандары менен өчүрүлгөн.
Өрттү өчүрүгө кошумча токой чарба ишканасынан 10 кызматкер, Темир-Жол ишканасынан 10 кызматкер тартылып саат 20:56да чектөөгө алып, саат 22:36да толугу менен өчүрүлгөн.
Жалпысынан 2 га аянт кургак чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар