Бишкек менен Астананын ортосундагы соода мамилелеринде оң динамика байкалды«Ал үчүн жаныбызды берүүгө даярбыз»: Медеткан Шеримкулов — Кыргызстандын эгемендүүлүгү тууралууКөчмөндөр оюндарына билет сатабыз деп алдамчылык кылган шектүүлөр кармалдыЕАӨБ сомдун курсу туруктуу сакталарын — 2027-жылы бир долларга 89 сом болорун божомолдоодо«Бири-бирине таяныч болуу»: Си Цзиньпин Кыргызстан менен болгон мамилелер тууралуу«Бишкек Аренага» сагыз алып кирүүгө болбойт. Дагы эмнелерге тыюу салынат?
Равшан Жээнбеков УКМКдан сурактан чыкты
11.10.2020 | 11:48
Саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
“Сурактан чыктым. Бир нече суроо берип кайра кое беришти”, – деп жазган ал.
Белгилей кестек Равшан Жээнбеков шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыккан. Ошол эле күнү мурадгы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече адам дагы абактан чыгарылган.
10-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин биргелешип өткөргөн операциясынан кийин Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, 11-октябрь күнү Салайдин Авазов кармалган.
Башкы прокуратура 10-октябрь күнү билдирүү таратып, абактан чыгып кеткендердин баарын өз ыктыяры менен кайра абакка кайтууну талап кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат