Раззаков шаарына 4 жылдыздуу мейманкана курулат. Долбоорлор

Раззаков шаарына 4 жылдыздуу мейманкана курулат. Долбоорлор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому тарабынан иштелип жаткан долбоорлор сунушталды.

Атап айтканда, Баткен облусунун Раззаков шаарындагы 4 жылдыздуу мейманкана комплексинин, Баткен облусундагы санаториялык-курорттук комплекстин жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин долбоорлору көрсөтүлдү.

«Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун өкүлдөрү 960 млн АКШ доллары суммасындагы 32 бирдиктен турган санаториялык-курорттук объектилер тармагын өнүктүрүү долбоорун сунуштады. Ошондой эле «Ак-Кеме» мейманканасын калыбына келтирүү, өлкө аймактарында глемпинг түйүндөрүн өнүктүрүү, Бишкек шаарына жакын жерде кароо аянтчасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берилди.

Кеңешменин жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган жогоруда аталган долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууну тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>