Рейтинг: Кайсы өлкөнүн жарандары спирт ичимдиктерин көп ичишет?

Рейтинг: Кайсы өлкөнүн жарандары спирт ичимдиктерин көп ичишет?

Эң көп спирт ичимдиктерин ичкен өлкөлөрдүн тизмесинде Австралия, Дания жана Финляндия алдыңкы орундарды ээледи. Муну глобалдык баңгизаттарды изилдөөнүн (Global Drug Survey) жыйынтыгы далилдеди. Бул туурасында Daily Mail жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бул иликтөөгө 22 өлкө кирген. Жалпы 32 миңден ашык киши сурамжылоого катышкан.

Сурамжылоо пандемия учурунда психоделиктерди «микродозалоо» менен көбүрөөк эксперименттер болгонун, бирок адамдар орточо эсеп менен алкоголду, кара куурайды, кокаинди жана LSDди (психоактивдүү затты аз колдонушканын көрсөттү.

Австралиялыктар 2021-жылы орто эсеп менен 27 жолу мас болушкан, бул жумада жарыяланган жыйынтыктарга караганда, дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге көп (15).

Иликтөө көрсөткөндөй, австралиялыктар жумасына орто эсеп менен эки күн сыра же башка ичимдик түрүн ичишет.

Ошондой эле 24 пайыз австралиялыктар мас болгондугуна өкүнөрүн, бул дүйнөлүк көрсөткүч менен салыштырганда орточо көрсөткүч 21 пайызга жогору экени аныкталууда. Ошол эле маалда аялдар эркектерге караганда ичимдик ичкенине көбүрөөк өкүнөрүн аныкташкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>