Чолпон-Ата саммити: Жапаров транспорт жаатында сунуш кылды

Чолпон-Ата саммити: Жапаров транспорт жаатында сунуш кылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия Мамлекет башчыларынын Европа Кеңешинин Президенти менен экинчи жолугушуусунда транспорттук түзүмдөрдүн башчыларынын деңгээлинде Европа Бирлиги – Борбор Азия форматында өз ара аракеттенүүнүн туруктуу иштей турган платформасын түзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы Борбор Азия стратегиялык жайгашуусу менен Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусу үчүн чоң потенциалга ээ экенин, муну менен Европа менен Азияны бириктирүүчү хаб болууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Бул эки регионго тең пайда алып келеринде шек жок. Туруктуу транспорттук байланыштар боюнча демилгени ишке ашыруу үчүн Өкмөт башчылары жана Еврокомиссиянын вице-президенти Алматыда өткөн форумда европалык мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн финансылык дараметин активдүү тартуу менен транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүүгө инвестиция тартуу боюнча биринчи кезекте жол картасын макулдашуу жөнүндө өз ара түшүнүүгө келишкен. Мындан улам, бул чөйрөдө кызматташууну натыйжалуу илгерилетүү үчүн транспорттук түзүмдөрдүн башчыларынын деңгээлинде Европа Бирлиги – Борбор Азия форматында өз ара аракеттенүүнүн туруктуу иштей турган платформаны түзүү сунушун киргизип жатам. Дүйнөдөгү азыркы курч геосаясий кырдаалга жана жаңы чакырыктардын пайда болушуна карабастан, Борбор Азиянын экономикасы кыйла туруктуу болуп чыкты жана өнүгүүсүн улантып жатат. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аналитиктери тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүүсү боюнча мурда жасалган божомолдор жогорулоо жагына кайра каралууда”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>