Республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд сомду түздү

Республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд сомду түздү

Республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263 млн сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 22-декабрындагы жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Аталган маселелер боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Адылбек Касымалиев жана Бакыт Төрөбаев баштаган жетекчилер маалымат беришти.

Каржы министри Алмаз Бакетаев 2023-жылы мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 322 млрд 766 млн сом, же ички дүң продукциянын 34,8% өлчөмүндө каралып жатканына токтолду.

“Ал эми 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 344 млр 29 млн сомду түздү. Бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түздү”, — деп билдирди Алмаз Бакетаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>