Бишкек: Экоактивисттер жаңы жылдык салютка каршы чыкты

Бишкек: Экоактивисттер жаңы жылдык салютка каршы чыкты

MoveGreen коомдук уюунун өкүлдөрү Бишкек мэриясын жаңы жылга караган түнү салюттарды аттыруудан баш тартууга үндөдү. Бул тууралуу уюмдун «Фейсбактагы» баракчасында айтылат.

MoveGreen билдиргендей, фейерверктерди аттыруу экологиялык абалга терс таасирин тийгизет.

«Фейерверктер көмүркычкыл жана уулу газдарды чыгарып, климаттын өзгөрүшүнө таасирин тийгизет. Абага ондогон оор металдардан тышкары зыяндуу PM2,5 бөлүкчөлөрү да тарайт. Алар менен дем алуу иммунитетти төмөндөтүп, респиратордук ооруларга алып келет», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Экологдор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен салют жана башка пиротехникаларды аттыргандарга айып пул салууну суранууда.

Эскерте кетсек, быйыл Бишкектин мэриясы жаңы жылдык салютка 755 миң сом сарптоодо.

Былтыр Бишкекте жаңы жылдык салют болгон эмес. Мэрия аны экологиялык коопсуздук маселеси менен түшүндүрүп, салютка сарптала турган дээрлик 800 миң сомду башка маанилүү иштерге жумшай турганын билдирген.

Бишкек мэриясы жаңы жылдык салютка 755 миң сом жумшайт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>