Жуманазарова мурдун канаткан балбан кызды жеңип алды (видео)

Жуманазарова мурдун канаткан балбан кызды жеңип алды (видео)

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеште балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло үчүн күрөшөт.

Жуманазарова бүгүн, 2-июнда мелдештин экинчи күнүндө таймашка чыгып, беттешти чейрек финалдан баштады.

Биринчи кармашында ал казакстандык Елена Шалыгина менен күч сынашты. Беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталды. Жуманазарова акыркы болуп упай алгандыктан, жеңиш ага ыйгарылды. Бул жеңиши менен Жуманазарова Шалыгинадан реванш алды.

Белгилүү болгондой, Жуманазарова менен Шалыгина быйыл Алматыда өткөн Азия биринчилигинде коло байге үчүн күрөшкөн. Беттеш учурунда Шалыгина Жуманазарованы мурунга сүзгөн. Жуманазарованын мурдунан кан агып, токтобогондуктан, беттеш токтотулуп, жеңиш Шалыгинага берилген.

Белгилей кетсек, Жуманазарова жарым финалда монголиялык балбан кызга жеңилип калып, коло үчүн күрөшө турган болду. Үчүнчү орун үчүн ал өзбекстандык балбан менен күч сынашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>