Акча опузалаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кармалган видеосу

Акча опузалаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кармалган видеосу

Чүй облусунда жеке ишкерден опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, деп билдирди УКМКдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан иликтөө жана ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында, 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында  узак убакыт бою денесине жана материалдык зыян келтиребиз деп коркутуу жолу менен «Р.С.» аттуу айыл чарба фермасынын ээсинен акча каражатын талап кылган Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган К.Б. жана Т.М. аттуу жарандар кармалды.

Аталган адамдар 2023-жылдын 1-июнунда 130 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык, УКМКдин тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>