«Кылым Банктын» акциялары Каржы министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлдүКыргызстан ЕАЭБден документсиз товар ташып киргендерге жазаны катаалдантты — кеңири маалыматЫсык-Көлдө боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттерди кантип, каяктан сатып алса болот?«Бийликти басып алууга ачык чакырыктарды тараткан»: УКМК Threads’тин колдонуучусун кармады«Абдан көп чоң бурулуштар»: Дастан Бекешев Кыргызстандын тышкы саясатын баалады21-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
Россияда ит балыкчыны атып алып, ал көз жумду. Иш сотто каралат
25.01.2023 | 12:14
Россиянын Тюмень облусунда ит балыкчыны атып алып, ал адам ошол жерде каза болгон. Аталган окуя боюнча иш эми сотто каралат. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазды.
Маалым болгондой, былтыр 30-октябрда эки дос Чоң Шишкарым көлүнө балык уулоого барган. Алардын бири жанына мылтык алып алган. Көлгө жеткенден кийин ал октолгон мылтыкты чананын үстүнө ачык калтырып койгон. Бир кезде арабанын жанында ойноп жаткан иттердин бири мылтыкты басып алып, ок балыкчылардын бирине тийген. Ок жеген адам окуя жеринде каза болгон.
Аталган окуяга байланыштуу мылтыктын ээси этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү беренеси боюнча айыпталууда. Ал ок атуучу курал менен колдонуу эрежелерин бузганы, шалаакылык жасаганы айтылат.
Сот 6-февралга белгиленген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз