Кыргызстандын патологоанатомдору жана онкологдору үчүн жаңы микроскоптор сатып алындыКытайлык инвесторлор Кыргызстандагы геологиялык чалгындоо долбоорлорун изилдешүүдө30-май: Айрым аймактарда жаан жаайтЖЕЭК соода жана интеграция боюнча чечимдердин топтомун бекиттиЕАЭБ лидерлери Арменияда референдум өткөрүүнү колдоп чыгышты — кененирээкМанасбек Самидинов «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсынын жетекчиси болуп кайра шайланды
Россияда оодарылып кеткен кемеде иштеген кыргыз жараны табылбай жатат
31.10.2024 | 13:13
Эксклюзив
Бишкектен ички каттамдар боюнча гид: борбор калаадан бир саатта учуп барып, эмнелерди көрүүгө болот?
Россияда оодарылып кеткен кемеде иштеген кыргыз жараны табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, окуя Сахалинде болгон. Кемедеги кыргызстандык Нурлан Кожомбердиев 46 жашта болгон.
Депутат бул маселени көзөмөлгө алуусу үчүн Россиядагы элчиликке тапшырма берүүнү суранды.
Россиялык ММКлар жазгандай, 18-октябрда Сахалиндин түштүк жээгинде кум-шагыл ташып бараткан “Григорий Ловцов” кемеси оодарылып кеткен. Кемеде 7 киши болгон. Алардын үчөө аман-эсен куткарылган. Экөө каза болгон. Калган адамдар табыла элек.
Айрым маалыматтар боюнча, кемеде 7 эмес, 13 киши болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом