Россиядагы мигранттардын балдары “Алтын балалыкта” эс алышты

Россиядагы мигранттардын балдары “Алтын балалыкта” эс алышты

Россияда эмгектенген мекендештердин балдары Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо борборунда 10 күн эс алышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Урал Федералдык округунан ( Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Пермь, Уренгой ж.б) 100 бала келген. Барып келүү жол акыларын жана ашыкча чыгымдарын ата-энелер өздөрү көтөрдү.

Буга чейин балдарды Ысык-Көлгө саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков, анын орун басары Нурийла Шериева, депутат Элвира Сурабалдиева жана башкалар узатканы маалымдалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мигрант

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>