Россияга адырашман ташууга аракет кылган өзбекстандык абакка кесилиши мүмкүн

Россияга адырашман ташууга аракет кылган өзбекстандык абакка кесилиши мүмкүн

Россияга адырашман ташып өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды.

Маалым болгондой россиялык бажы кызматкерлер Өзбекстандан Новороссийск портуна келген контейнерден 1 тоннадан ашык адырашман табышкан. Ал жүк менен кошо кургатылган жемиштер, ит мурун, идиш-аяк алынып келип, алар Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн бирине жеткирилмек.

Новороссийск бажы постунун башчысынын милдетин аткаруучу Вадим Прониндин айтымында, адырашмандын курамында Россияда тыюу салынган баңгизат аныкталган.

«Бажы текшерүүсү жүргүзүлгөн учурда изилдөө үчүн кургатылган өсүмдүктүн үлгүсүн алдык. Экспертиза көрсөткөндөй адырашман өсүмдүгүнүн курамында Россияда көзөмөлгө алына турган баңги, психотроптук зат жана алардын прекурсорлору тизмесине киргизилген «гармин» баңгизаты бар экени аныкталган», — деди ал.

Азыркы тапта аткезчилик жүктү ташып келүү фактысы боюнча кылмыш иши ачылган. Жүктү жөнөткөн адам өмүр бою эркинен ажыратылып, 1 млн сом айып пул салынышы мүмкүн.

Адырашман Борбор Азия өлкөлөрүндө дары чөп катары белгилүү, ал арча менен бирге үйдү ысырыктоо үчун колдонулат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: адырашман

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>