Роза Отунбаева дарыгерлерге пенсиясынан 1 млн сом которот

Роза Отунбаева дарыгерлерге пенсиясынан 1 млн сом которот

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева өзүнүн пенсиясынын эсебинен 1 миллион сомду медицина кызматкерлерине которуп берет. Бул тууралуу reporter.kg басылмасына “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунан маалымдашты.

«Өз өмүрүн тобокелге салып, башкалардын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан алдыңкы линиядагы дарыгерлерди колдоо максатында Роза Отунбаева акча которуп жатат. Ошондой эле экс-президент өзүнүн кадыр-баркы менен башка өлкөлөрдөн экспресс-тесттерди тез алып келүү боюнча иш жүргүзүп жатат. Бирок, аны тез чечүүдө авиакаттамдардын токтотулушу, мамлекет аралык расмий келишимдин зарылдыгы сыяктуу маселелер чыккандыктан, азырынча каражатты дарыгерлерди колдоого которуу чечилди. Кыргызстанда Роза Отунбаевадан да көп пенсия алгандар бар, алар да экс-президенттин жолун улайт деп ойлом”, — деп айтылат фонддун маалыматында.

Мындан сырткары “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунда иштеген башка пенсионерлер да бир айлык акчасын которуп беришет.

Белгилей кетсек, коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 1-апрелге карата 80 миллион 552 миң сом түштү.  Бул акчанын 38 млн сомдон ашыгы инфекция катталган аймакта иштеп жаткан  медицина кызматкерлерге жумшалары белгилүү болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>