Бишкекте тургун Биринчи май районундагы «тазалыкка» нааразы

Бишкекте тургун Биринчи май районундагы «тазалыкка» нааразы

Бишкекте шаар тургуну Биринчи май районундагы тазалык сакталбай жатканына нааразы болуп, район акимчилигинин, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилигине кайрылды.

Ал арыктар, жолдун четтери таштандыга толуп калганын айтып, эмнеге тиешелүү кызматтар иштебей жатат деген суроо салды.

«Биринчи май районундагы муниципалдык аймактык башкармалык эмнеге иштебей жатасыңар? Көчөлөрдүн кебетеси кантет? Эмнеге тазаланбайт? Чөптөр өсүп кеткен, чабылбайт! Арыктар, жолдун чети таштандыга толуп калган.

Тазалык кайда? Биринчи май районубуздун тазалыгына мен нааразымын!!! Төмөнкү сүрөттөрдө Көлмө конушундагы Мыскал көчөсү тартылган. Бул бир-эки эле сүрөт. Башка бир топ көчөлөрдө да ушундай көрүнүш! Муниципалдык аймактык башкармалык иштебей жатат», — дейт шаар тургуну.

Көлмө конушундагы Мыскал көчөсү

Ал район акимчилигинин, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилигин көчөдөгү тазалык иштерине көзөмөл кыла албаса, ордун иштей турган адамдарга бошотуп берүүгө чакырды.

«Колунан келгендер келип, өз ишин мыкты аткарып, бизге жыйынтык көрсөтүшсүн! Мен көчөдөгү ушундай көрүнүштөн тажадым!», — дейт ал.

Тоголок Молдо көчөсү. №13 муниципалдык аймактык башкармалыкка карайт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>