Милиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери улануудаБишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту
Футбол: Кыргыстандын курамасы эми Жапония менен беттешет
15.10.2019 | 17:49
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Жпонияны кабыл алат.
Мелдеш 14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Учурда “F” тайпасындагы командалдардын ичинен упай боюнча Жапония курамасы алдыда. Андан кийин Кыргызстан менен Тажистан бирдей баратат.
17-июлдагы чүчүкулактын жыйынтыгы менен Кыргызстан “F ” тайпасына түшкөн. Ага Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары бөлүнгөн.
Кыргызстан курамасы Тажикстанга 0:1 эсбеинде жеңилип калган. Ал эми Мяньманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде утту.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт