Руслан Бекназаров кызматынан кетти — видео

Руслан Бекназаров кызматынан кетти — видео

Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров кызматтан кетти. Бул тууралуу ал социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, ал кызматтан кетүү тууралуу арызды өз ыктыяры менен жазган.

«Кызматымды өз арызым менен тапшырып бердим. Бишкек шаардык мэриясына, Свердлов районунун акимиатына, жашоочуларына ыраазычылык билдирем. Аз болсо дагы чын ниетимден кызмат кылдым. Ыраазы болуңуздар», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип, кылмыш иши козголгон. 14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган.

Руслан Бекназаров — саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу. Азимбек Бекназаров уулунун кармалышын өзүнүн азыркы бийликке айткан сындары менен байланыштырып, ага эскертүү катарында жасалган иш-аракет катары көрөрүн билдирген. Азыркы тапта Азитмбек Бекназаровдун өзү «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип эки айга камакка алынган.

2-ноябрда Руслан Бекназаров Биринчи райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Камактан чыккандан кийин Руслан Бекназаров кызматына кайтып келип, кирешелер боюнча штабдын кезектеги отурумун өткөргөн.

Руслан Бекназаров үй камагына чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>