Сабырбек Жумабеков жана министрлик Гансидеги орундарды “брондоп” алышканбы? – Бейтаптын баяны

Сабырбек Жумабеков жана министрлик Гансидеги орундарды “брондоп” алышканбы? – Бейтаптын баяны

Уран Темирбеков атту кыргызстандык, пневмонияга чалдыккан атасын ооруканага жаткыруу үчүн кандай кыйынчылыктарга туш болгондугун өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.

“27-июндарда атамдын дене табы жогорулап, чыйрыгып баштаган. Ооруканага  кайрылып,  ал жерде дарыланып жатты, бирок 30-июнь күнү абалы кескин оорлошту. 1-июлда “Мемориал” госпиталында рентгенге түшүп, мен бир тараптуу пневмонияга, атам эки тараптуу пневмонияга кабылганыбызды билдик. Дарыгердин көрсөтмөсү менен үйдө дарыланып жаттык. Бирок атамдын абалы 3-июль күнү аябай оорлошуп кетти. Өзүмдүн ооруганымды унутуп коюп, атамды сактап калуу үчүн шаарды түрө кыдырып оорукана издеп баштадым. Түштөн кийин Панфилов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги обсервациядан орун таптык. Ал жакта атамдын кан басымын өлчөп, керектүү кагаздарды толтурдук. Сатурацияны текшергенде пульсосиметр 50нү көрсөттү, бул өтүшүп кеткен абал экен, ситурациянын нормасы 90дон жогору болушу керек экен. Бизге ал жердегилер жасалма дем алдыруучу аппарат жок экендигин айтышып, аппарат бар жерге алып баргыла дешти”, — деп жазган Темирбеков.

Темирбеков андан ары,  бардык жерге кайрылганын бирок эч бир жер кабыл албай койгондугун жазган.

“Гансиге барууну чечтим, бирок баруудан мурда Сабырбек Жумабековго чалып тактайын дедим. Ал адам мага орун жок экенин айтып, башка жерди изде деди. Эки мүнөттөн кийин эле Гансиде жаткан менин досум чалып, ал жакта орун бар экендигин айтты. Шашылыш жолго чыктык, жолдо атам өзү дем ала албай кыйналып жатты. Гансиге келип, досум жаткан корпустун дарыгерин таап сурасам “бул жерде орун жок, башка корпуска баргыла” деп койду, араңжан досум чыкканында дарыгер «кийлигишпе» деп өз палатасына жөнөттү. Ар бир корпустан ошол эле жоопту угуп жаттык. Аягында мени угушсун деп кыйкырып баштадым. Анан эмне болду дебейсиңерби? Ошондо гана атама орун камдашып, аппарат тагып, колума керектү даарылардын тизмесин карматышты. Анткени аларда көбү жок экен. Дароо шаарга чыгып мен даарыларды алып келгиче байкемдер аппарат алып атама тагып коюшуптур”, — дейт.

Кийинчерээк ага бир дарыгер келип, дароо эле жардам көрсөткүсү келгендигин, бирок Сабыр Жумабеков жана саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан орундар “брондолгонун” айткан.

“Мен мындай Кыргызстанда жашаганыма таң калган жокмун. Ошол түнү мен пневмония менен унаамда уктадым, мага “же атаңыз гана жатат, же экөөң тең башка жерден орун издейсиздер” дешти. Таңкы 5те туруп ооруканадан жагымсыз көрүнүшкө туш болдум. Адамдар кичинекей бөлмөдө экиден жатышат, дааратканалар кир, коридордо адамдар ээн-эркин басып, аппаратты биринен алып бирине такканда  мурунга таккан жерин алмаштырбай эле колдонуп жатышты. Бул жерде эч кандай тазалык нормалары сакталбаганын көрүп, атамды алып кетүүнү чечтим”, — деп жыйынтыктаган Темирбеков.


Бул боюнча Сабырбек Жумабековдон маалымат алууга мүмкүн болгон жок. “Репортер” экинчи тараптын пикирине орун берүүгө даяр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>