Садыр Жапаров: 10 жылда өлкөдөгү жакырчылыкты 90%га жоебуз

Садыр Жапаров: 10 жылда өлкөдөгү жакырчылыкты 90%га жоебуз

Жакынкы 10 жылда Кыргызстандагы жакырчылыкты 90%га жоебуз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.

Анын айтымында, мамлекет социалдык келишим сыяктуу долбоорлор менен өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу аракетин жасоодо.

«Социалдык келишим долбоору элибизге оң таасир тийгизип жатканына күбөбүз. Ушул жылы 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон көмөк көрсөттүк. Эмдиги жылы 20 миң үй-бүлөгө көмөк беребиз деп турабыз. Мындай аракеттер менен жакырчылыкты жоюуга багыт алдык десем жаңылышпайм. Алдыдагы 10 чакты жылда жакырчылыкты 100%га болбосо да, 90%га жоюп калабыз деген ишенич бар», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 33,2%ды түзгөн. Башкача айтканда, өлкөдө 2 млн 333 миң адам кедей жашайт. Жакырчылыкта жашагандардын ичинен 1 млн 126 миңи балдар.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>