Атын өзгөртүп качып кеткен мурдагы чиновник Түркияда колго түштү

Атын өзгөртүп качып кеткен мурдагы чиновник Түркияда колго түштү

Түркияда ИИМдин Интерполу тарабынан ири алдамчылыкка шектелген, мурдагы жогорку кызматты ээлеген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 55 жаштагы А.Н. алдамчылыкка шектелүүдө. Ага 2022-жылы издөө жарыяланган.

Ал кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз, 2,5 млн  доллар өлчөмүндө комиссиялык сый акы берүү шылтоосу менен борбор калаада жайгашкан ресторанга жана шаардын ортосунда жайгашкан батирге ээлик кылып алган.

Андан соң, кыймылсыз мүлк үчүнчү жактарга жашыруун түрдө эки айлык мөөнөткө, жалпы суммасы 390 миң  долларга бааланып күрөөгө коюлган. А.Н. аттуу жаран көрсөтүлгөн каражатты алып, андан соң аты-жөнүн Ы.А. деп өзгөртүп, берилген убадасын аткарбай жана каражаттарды кайтарбастан, изин белгисиз тарапка жашырып кеткен.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында аталган мүлк үчүнчү жактардын жеке менчигине өтүп кеткен. Мүлктү баалоо жана экспертиза борборунун корутундусуна ылайык, батир 56 000 долларга, ресторан 771 600 долларга бааланган. Жалпы келтирилген чыгым, 827 600 АКШ долларын түзгөн.

Учурда экстрадиция маселеси чечилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>