Видео: Садыр Жапаров Астанага келди

Видео: Садыр Жапаров Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Президентти коштоп барган расмий делегациясынын курамы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>