Чек арачы Дастан Анарбеков боюнча ДНК-тест чыкты. Апасы эмне дейт?

Чек арачы Дастан Анарбеков боюнча ДНК-тест чыкты. Апасы эмне дейт?

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин дайынсыз болуп жаткан чек арачы Дастан Анарбековго таандык делген сөөктөн алынган үлгүлөр боюнча жүргүзүлгөн ДНК-тесттин жыйынтыгы чыкты. Бул боюнча Reporter.kg’ге чек арачынын апасы Сауле Иманалиева айтып берди.

Ал билдиргендей, ДНК-тест табылган сөөк Дастан Анарбековго таандык экенин көрсөткөн. Алар тесттин жыйынтыгы тууралуу 24-октябрда угушкан. Тесттин жыйынтыгы менен таанышуу үчүн жолдошу менен кайниси барган.

«ДНК-тест боюнча бизди расмий чакырышкан жок. Жолдошум улуубуздун иштери жөнүндө маалымат алуу үчүн тергөөчүгө жолугайын деп чалса, «келип кетиңиз» деп айтыптыр. Барганда ДНК-тесттин жыйынтыгын көрсөтүптүр», — деди ал.

Бирок Дастан Анарбековдун ата-энеси тесттин жыйынтыгына ишенбейт. Себеби аларга маркумдун сөөгүнөн кандай үлгүлөр алынып жатканы көрсөтүлгөн эмес. Мындан улам, алар кандай үлгүлөр алынганын өз көзү менен көрбөгөндөн кийин, ишенүү кыйын экенин айтат.

«Биз ДНК-тесттин жыйынтыгы менен макул эмеспиз. Кантип ишенебиз? Жолдошумдан кан алды. Менден кан алыш керек болчу. Негизи апасынан алса, туурараак чыгат дейт. ДНК-тесттин конвертин бизди чакырбай эле ачышкан. Бизди чакырып, тааныштырышы керек болчу. Эгер биз чалбаганда, качан айтмак эле, ким билет? Жолдошумдан тест үчүн канды 21-сентябрда алып, аны 6-октябрда жөнөтүшкөн. Бирок кан үч күн турат экен. Кан ошончо күн тургандан кийин, эч нерсе аныктоого болбойт экен. Алар кантип аныктаганын билбейм. ДНК-тесттин жыйынтыгы тууралуу 24-октябрда билдик, бирок ал жума күнү (21-октябрь – ред.) келиптир. Бизге корутундунун көчүрмөсүн берүүсүн сурасак да, бербей жатышат», — деди ал.

Ошондой эле Сауле Иманалиева алар өз алдынча ДНК-тест жүргүзө турганын билдирди.

«Биз өз алдынча ДНК-тест жүргүзөлү деп жатабыз. Бирок ага маселе жаратып, болбой жатышат», — деди Иманалиева.

Дастан Анарбековдун ата-энеси уулу Тажикстанда болушу мүмкүн деп айтылып жаткандыктан издөө иштерине көмөк сурап элчи Эрлан Абдылдаевге да кат жолдошкон.

«Азырынча эч кандай реакция болгон жок. Биз бардык жакка кайрылып жатабыз. Тышкы иштер министрлигине да кайрылдык. Элчиге кат жазып, почтасына жөнөткөнбүз», — деди ал.

Дастан Анарбеков 21 жашта болгон. Ал быйыл Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер окуу жайын аяктап, июль айынын аягында Баткенге которулган. Анарбеков үй-бүлөдө беш бир тууган (4 эркек, 1 кыз), эркек балдардын улуусу болгон. Апасынын айтымында, уулу ак көңүл, элпек, шайыр мүнөзү бар, ичинде кири жок адам болгон.

Дастан Анарбеков 16-сентябрдан бери дайынсыз.

5-октябрда, Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин Чек ара кызматынан бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылганын, бирок анын 90% ашыгы жабыркагандыгын билдирген. Ошондой эле жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн белгилеген.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50гө жакын аскер кызматкери курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. Учурда чек арада абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>