Садыр Жапаров: Биз, кыргыздар аябай жалкоо элбиз (видео)

Садыр Жапаров: Биз, кыргыздар аябай жалкоо элбиз (видео)

Биз, кыргыздар аябай жалкоо элбиз. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда президент Садыр Жапаров Транспорт министрлигине атайын техниканы тапшыруу иш-чарасында билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөп жатып Жапаров айылдагы жалкоолор тууралуу анекдот айтып берип, кыргыздар аябай жалкоо эле болорун билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте Ысык-Көл мейманканасынын ордуна салынып жаткан жаңы өкмөт үйү кыргызстандык курулушчулар жалкоолонуп, жай иштегендиктен өз мөөнөтүндө бүтпөй турган болууда. Ага байланыштуу алар Асман шаарын курууга келген 800 курулушчуну өкмөт үйүн бүткөрүүгө жардам берүү үчүн Бишкекте алып калышкан.

«Аны (быйыл — ред.) сентябрь айына чейин бүтөбүз деген планыбыз бар болчу. Октябрда КМШ мамлекеттеринин саммити өтөт, ага 12 президент келет. Ал иш-чараны жаңы өкмөт үйүндө өткөрөбүз деп пландап жатабыз. Ал жерде 400дөн ашык биздин кыргыз жигиттерибиз иштеп жаткан. Эми аман эле бололу, бир күндө 8 саат иштеш керек болсо, анын 5 саатын эле иштейт. Алтынчы күнгө чейин иштеш керек болсо, алтынчы-базар күнү жок, айрымдары биринчи күнү да келбей коет. 5 саат иштесе, анын 1 сааты тамактанганга, 1 сааты телефон караганга, 1 саатын тамеки чегип отурат. Ушинтип 3 саатты жоготуп коет. Чет өлкөлүк бир күндө жасап бүтүргөн ишти биздин кыргыздар бир жумада да бүтүрө албай жатабыз. Айлабыз кетип, Дубайдан учуп келген 800гө жакын курулушчуну Бишкекте алып калдык. «Сиздер сентябрга чейин бүтүрүүгө жардам берип, андан кийин Асман шаарын салганы баргыла» деп курулушчуларды алып калдык», — дейт ал.

Видео: Садыр Жапаров жол салуудагы коррупция тууралуу анекдот айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>