Кызын 100 миң сом жана iPhone‘го саткан келиндин иши сотко өттү

Кызын 100 миң сом жана iPhone‘го саткан келиндин иши сотко өттү

Чүй облусунда ымыркайын iPhone 12 Pro жана 100 миң сомго сатууга шектелип кармалган келиндин иш сотко өттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, иш Ысык-Ата райондук сотуна жакында өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, 2-июнда милиция Ысык-Атада 25 жаштагы эне жана дагы эки адам бала сатуу фактысы боюнча кармалганын билдирген.

Белгилүү болгондой, буга чейин милицияга 25 жаштагы кыз курсактагы баласын сатууга ниеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси («Балдарды сатуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, 25 жаштагы С.З. аттуу кыз 8 айлык боюнда болгондо, 27 жаштагы Б.Ф. аттуу аял менен алдын ала сүйлөшүп, көз жаргандан кийин ымыркайды 100 миң сомго, iPhone 12 Pro телефонуна жана Орусияга учак билетине сатууну макулдашкан. Андан кийин «сатып алуучу» Ысык-Ата районунун жалпы дарыгерлик практика борборунун М.А. аттуу кызматкери менен макулдашып, анын атына «боюнда бар» деген жалган кагаз жасашкан. 20-майда аталган борбордун төрөт үйүнө кош бойлуу аял келип, «сатып алуучунун» аты менен кыз төрөгөн.

Аталган факты боюнча шектүүлөр кармалып, милицияга алынып келген. Ымыркайдын апасынан iPhone телефону табылып алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>