Садыр Жапаров: Элге кайрылсам ачыгын айтууга туура келмек, ошого унчукпай отурдум

Садыр Жапаров: Элге кайрылсам ачыгын айтууга туура келмек, ошого унчукпай отурдум

Бүгүн, 14-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйын өтүүдө. Анда Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып, ага карата эл өкүлдөрү суроолордун узатууда. Вице-спикер Аида Касымалиева да суроо берип, ага жана башка адамдарга коркутуулар болуп жаткандыгын айтып, эмнеге тарапташтарына кайрылуу жасап тынчытпай жаткандыгын сурады. 

“Буга чейин мага коркутуулар болду, башкаларга да коркутуулар болуп жаткандыгы айтылды. Мына ушундай абалда Тарапташтарыңызга кайрылып, эмнеге тынчтандырган жоксуз. Мен деле Садыр Жапаровго каршымын деген эмесмин, мыйзамдуу премьер-министр шайлансын дегем”, — деп суроо узатты Касымалиева.

Ага Садыр Жапаров интернет күчөгөн мезгилде интернеттеги коркутууларды көзөмөлдөө кыйын экенин айтты. 

“Коркутуулар болду, смстер келди деп жатасыз. Азыр эми интернеттин заманы экен. Кантип тыябыз. Мындан сырткары мени жаманатты кылгысы келген күчтөр да иштеп жатат”, — деди Жапаров.

Андан тышкары ал легитимдүү өкмөт башчы болуу үчүн үчүнчү жолу Жогорку Кеңешке келгенин айтып, болушунча мыйзамдуу иш жүргүзгөнгө аракет кылып жаткандыгын билдирди. 

Ошондой эле элге кайрылуу жасабай жаткандыгын айрым маселелерди айтып коомчулуктагы саясий кырдаалды курчутуп албоону көздөгөндүгү менен түшүндүрдү.

“Элге кайрылуу жасоо тууралуу эл адилетсиз шайлоо болду, коррупция күчөп кетти деп талап кылууда. Шайлоонун кесепетинен ушундай болду да. Президент Сооронбай Жээнбеков кетсин деп чыгып жатат. Анан мен чыгып туруп, мына ушундай болуп жатат деп элге кайрылсам, бүгүн көтөрүлүп аткан эл ого бетер көтөрүлүп кетет, коомдо саясий абал курчуп кетет. Анда мен ачыгын айтышым керек болот аларга, мындай-мындай болду,  биринчи макулдашып коюп кайра отказ берип атат деген сөздөрдү айтып, балким башкача сөздөр да чыгып кетеби ал жерде ошон үчүн унчукпай, кайрылбай отурдум”, — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, башаламандык болуп, митингчилер Ак Үйдү басып алгандан кийин 6-октябрда “Достук”  мейманканасында ЖКнын кезексиз жыйыны өткөн. Ал жерде спикерликтен арызын жазып кеткен Дастан Жумабековдун ордуна Мыктыбек Абдылдаев, премьерликтен кетүү тууралуу арыз берген өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун ордуна Садыр Жапаров дайындалган.

Кийин бул чечимди айрым депуттар кворум жок деп тааныбай тургандыгын жарыялаган соң Мыктыбек Абдылдаев спикерликтен баш тарткан.  

Кийин өкмөттү легитимдештирүү керек деп депуттар Жапаровду өкмөт башчылыкка кайра дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чогулткан. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>