Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланды

Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланды

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйын өтүүдө. Анда Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып, парламент өкмөттүн курамы жана программасы менен таанышты. Анда жыйынга келген депуттар бир добуштан Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин колдоп беришти. Жыйынга 84 депутат катышып, алты депутат ишеним кат бергени айтылды. 

Шайлоодон кийинки башаламандыктан кийин митингчилер Ак үйдү басып алып, ЖКнын кезексиз жыйыны 6-октябрда “Достук” мейманканасында өткөн. Ал жерде спикерликтен арызын жазып кеткен Дастан Жумабековдун ордуна Мыктыбек Абдылдаев, премьерликтен кетүү тууралуу арыз берген өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун ордуна Садыр Жапаров дайындалган.

Кийин бул чечимди айрым депутаттар кворум жок деп тааныбай тургандыгын жарыялаган соң Мыктыбек Абдылдаев спикерликтен баш тарткан. Жапаровдун да премьерлиги мыйзамсыздыгын айтышкан. 

10-октябрда да Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп, Садыр Жапаров экинчи жолу өкмөт башчылыкка бекитилигени айтылып, бирок ал жерде кворум болбогондугун билдирген депутаттар өкмөттү легитимдештирүү керек деп Жапаровду өкмөт башчылыкка кайра дайындоо үчүн бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулган.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>