Конституциянын 30 жылдыгы: Бир катар кызматкерлер сыйланды

Конституциянын 30 жылдыгы: Бир катар кызматкерлер сыйланды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Конституциянын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара конституциялык өнүгүү тарыхына арналган фильмди көрсөтүү менен башталды.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандын конституциялык мамлекеттин түзүлүшүндө маанилүү роль ойногон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерин белгилеп, өлкөнүн конституциялык өнүгүүсүнүн тарыхый этаптарына токтолду.

Садыр Жапаров элди биримдикке чакырып, Кыргызстандынар бир жараны өлкөнүн Конституциясынын духун жана маанисин жакшы билиши керектигин баса белгиледи. Өзүнүн жарандык жоопкерчилигин сезип, мамлекеттин турмушуна активдүү катышуу маанилүү. Ошондо гана Кыргызстанга салым кошуп, ийгиликтерге жетишүүгө болот. Өлкөнүн келечеги ар бирибизден көз каранды.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү:

III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды:

— Президенттик Администрациянын жана Министрлер кабинетинин укук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги Укушов Мурат Каниметович;

“КРнын эмгек сиңирген юристи” ардак наамы ыйгарылды;

— Конституциялык соттун төрагасынын орун басары — Дуйшеев Карыбек Арстанбекович

— Конституциялык соттун судьясы — Жумабаев Латип Пазыловичке.

Кыргызстандын Ардак грамота менен

— Конституциялык соттун судьясы — Бобукеева Меергул Рыскулбековна сыйланды.

Андан соң иш-чара концерттик программа менен уланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>