Көк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен кетти
18.04.2024 | 16:44
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде, расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров коңшу өлкөнүн президенти менен жолугушат, эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына катышат.
Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Айкөл Манастын эстелигинин ачылышы болот.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев;
- билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;
- санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;
- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
- Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев;
- Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
- президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов;
- президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев;
- президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом