УКМК Кыргызстанда адам органын сатуу менен алектенген топту кармады

УКМК Кыргызстанда адам органын сатуу менен алектенген топту кармады

Кыргызстанда адамдардын органын мыйзамсыз сатуу менен алектенген эл аралык топ кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, К.А. аттуу аял менен З.Р. аттуу жаран адамдардын органдарын сатуу боюнча канал уюштурган. Аял киши чет өлкөдөгү клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн 80 мин долларга чейин акча төлөөгө даяр болгон бейтаптарды таап турган. Ал эми бул топко кирген башка адамдар донорлорду таап, аларды алдоо жолу менен органын трансплантация кылууга көндүрүшкөн.

Донорлор медициналык текшерүүдөн өтүп, алардын саламаттыгы жакшы-жаман экенине карабай, ден соолугу жайында деген жыйынтык берилип турган. Андан соң, коррупциялык жол менен, донор болчу адамдарга чет өлкөдөгү адам менен тууган деген жасалма документтер даярдалган. Ал документтер чет өлкөдө операция жасала турган клиникага көрсөтүү үчүн керек болгон.

УКМК билдиргендей, донорлор бир бөйрөгү үчүн 1 миңден 7 миң долларга чейин, донорду таап берген адамдар 3 миң долларга чейин жана каналды уюштургандар 30 миңден 70 миң долларга чейин акча алышкан.

17-апрелде бул каналды уюштургандар — К.А. менен З.Р. дагы бир донорду чет жакка жөнөтүп жатканда, Манас аэропортунан колго түшүрүлгөн. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>