Жапаров курман болгон жоокерлерди эскерип, көзүнө жаш алды — видео

Жапаров курман болгон жоокерлерди эскерип, көзүнө жаш алды — видео

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга Тажикстандын куралдуу басып киришинен кийин кыргыз элине кайрылуу жасады.

Ал каза болгон аскер кызматкерлеринин энелерине кайрылды.

«Мекен чегин коргоо – ары жооптуу, ары сыймыктуу ыйык милдет. Ошентсе да, эр жигиттерибиз эл-жеринин чегин коргоп жатып, кандары забын болгонуна ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздап турат. Курман болгон жоокерлерибизди жарык дүйнөгө алып келип, Кыргыз жерин жанындай сүйүп, ага өмүрүн берүүгө даяр кылып тарбиялап өстүргөн энелерге айтаарым, сиздер чыныгы баатыр уулдарды төрөгөн экенсиздер, сиздерге башымды ийип таазим кылам. Алардын ар биринин эрдиги Кыргызстан элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Мекен чегин коргоп, курман болгон ар бир жоокердин ата-энелери менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар! Баатыр уулдарыбызга бүгүн бүт Кыргызстан эли башын ийип таазим кылып, аза күтүү менен бирге чын дилдеринен ыраазы болуп сыймыктанышууда», — деди президент.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>