Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Баткенде канча турак жай күйүп кеткени айтылды
19.09.2022 | 12:17
Баткен облусунда 282 турак жай, 3 стратегиялык объект, 9 социалдык жана 300 тиричилик объектилери жабыркап, 9 унаа күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү 19-сентябрда маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 18-сентябрдан тарта Баткен, Лейлек райондору жана Баткен шаарында келтирилген чыгымды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп баштаган.
«Сан өзгөрүшү мүмкүн. Комиссия өз ишин улантууда», – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом