Садыр Жапаров Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирди

Садыр Жапаров Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирди

Мен Украинанын чыгышындагы кырдаалдын өнүгүшүн терең тынчсыздануу менен көз салып жатам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал кырдаалдын, анын ичинде Донбасстын айланасындагы өнүгүшү тууралуу дайыма кабардар болуп турат.

«Кыргыз Республикасы дайыма БУУнун Коопсуздук Кеңешинин колдоосуна ээ болгон чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча бирден-бир документ болгон Минск келишимдерин сактоо зарылдыгынан чыгып келген.

Тилекке каршы, алардын аткарбаганы азыркы оор абалга алып келди.

Мен адам курмандыктарын болтурбоо үчүн жаралган кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгына ишенем.

Анткени, адам өмүрү жер бетиндеги эң баалуу нерсе», — деп жазган ал.

Ал чыр-чатактын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн кырдаалды жөнгө салууда максималдуу кыраакылыкты жана сабырдуулукту талап кылды.

«Балким, бул көп сандагы орус жарандары жашаган Донбасстын карапайым калкын коргоо үчүн аргасыз чара болгондур.

Тигил же бул мамлекетти таануу ар бир өлкөнүн суверендүү укугу экенин белгилегим келет», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>