Курумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерге таандык болушу ыктымал аркандар табылдыОшто бокс боюнча TURKSEN 3 эл аралык турнири өтөтКыргызстанга бажы алымы жок дагы 10 миң электромобил алып кирүүгө уруксат берилди — МБКМектепте 8-класстар үчүн «Инженердик технологиялар» сабагы киргизилетЭксперт: Чет өлкөлүктөр үчүн суррогат эне болууга тыюу салуу бул тармакты көмүскөгө түртөтТаш-Көмүрдөгү «Капитальная» көпүрөсү эс алуу жайына айландырылат
Садыр Жапаров мугалимдердин айлыгын быйыл дагы көтөрөрүн билдирди
29.08.2025 | 12:20

Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы Терешкова атындагы жатак-мектептин ачылыш аземинде жана онлайн форматта социалдык объектилерди пайдаланууга берүү учурунда мугалимдерге кайрылып, эмгектери мамлекет тарабынан татыктуу бааланарын белгиледи.
“Мугалимдер, коомдо бир нече кадам алдыда турушуңуздар керек. Күн сайын изденип, саат сайын жаңыланып, балдарыбызга заман талабына жооп берген билимди бериңиздер. Тарбиячы менен мугалимдерге бардык шартты түзүүгө аракет кылып жатабыз. Ат көтөргүс эмгегиңер мамлекет тарабынан татыктуу бааланушу керек. Жаңы мектеп, жаңы окуу китептер менен катар быйыл эмгек акыңызды дагы көтөрүп беребиз”, — деди Садыр Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар