Эрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдөБишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаЧүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылганКыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?
Улуттук банк мамлекеттүүлүктүн негиздөөчүлөрүнө арналган коллекциялык монета чыгарды
29.08.2025 | 12:50

1-сентябрдан тартып Улуттук банк “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” аталышындагы коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарат.
Тыйындын алдыңкы бетинде мамлекеттик желектин тегерегинде Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевдин сүрөттөрү жайгашып, алардын үстүнө темага ылайык жазуу түшүрүлгөн. Арткы бетинде болсо Кыргыз Республикасынын герби жана боз үйдүн элементтери чагылдырылган.
Жалпы салмагы 33 граммдык күмүш монетанын номиналы 10 сомду түзсө, сатыктагы баасы 10 540 сом деп белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар