Садыр Жапаров Орусиядан кайтып келди. Кандай документтерге кол коюлду?

Садыр Жапаров Орусиядан кайтып келди. Кандай документтерге кол коюлду?

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон биринчи чет элдик иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров иш сапарын Владимир Путин менен жолугушуудан баштады. Анда эки тараптуу кызматташуунун багыттарын, өз ара кызыкчылыктагы маселелер боюнча биргелешип аракеттешүүнү талкууланган.

Садыр Жапаров Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоону улантууга даяр экендигин билдирди, ошондой эле Владимир Путинди Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.

Ал эми мекендештер менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров алардын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Орусиянын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо жана башкалар жөнүндө айтып, мекендештерди кызыктырган суроолорго жооп берген.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров менен Татарстандын Президенти Рустам Миннихановдун жолугушуусу болуп, анда кыргыз-татар байланыштарынын келечеги боюнча пикир алмашуу орун алган.

Президент иш сапарынын экинчи күнүндө Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Өкмөттүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, ошондой эле ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушкан.

Президент Садыр Жапаровдун иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен аяктаган.

Бул иш сапардын алкагында эки тараптын тиешелүү министрликтеринин жетекчилери төмөнкү документтерге кол коюшкан:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркирлөө тутумун түзүү максатында РФ тарабынан КРга кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жаатындагы протокол;

-Коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосунда 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аскердик чөйрөдө стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;

— Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

25-февралдын түнүндө Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>