«Апрель ТВ»: Шаардык сот телеканалды колдогон чечим чыгарды

«Апрель ТВ»: Шаардык сот телеканалды колдогон чечим чыгарды

Бишкек шаардык соту Аскер прокуратурасынын “Апрель ТВ” телеканалы боюнча өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечим шаардык сотто 25-февралда чыкканы тууралуу маалымат телеканалдын расмий сайтына жарыяланды.

Аскер прокуратурасы шаардык сотко райондук соттун “Апрель ТВ” телеканалынын эфирге кайрадан чыгышына уруксат берген чечимине каршы арызданган.

2020-жылдын 29-декабрында Бишкектин Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын “Санарип технологиялар” менен “Апрель ТВ” жоопкерчилиги чектелген коомдоруна каршы экономикалык доосун карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Райондук соттун бул чечими менен “Апрель ТВ” кайрадан эфирге чыгууга расмий түрдө уруксат алганы кабарланган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караштуу экени айтылган “Апрель ТВ” телеканалынын эфири 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында аны кармоо операциясы жүрүп жатканда өчүрүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>