Ысык-Көлдө ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафоруму башталдыКадамжайда Бүргөндү магистралдык каналы кеңейтилетСадыр Жапаров Кара-Көл шаарына жаңы мэр дайындадыКызыл-Жылдыз айылында 90 жумушчу орунга ылайыкталган ири нан комбинаты ишке киргизилетУКМК: Кыргызстанда туруп, чет элдиктерди интернет аркылуу алдап жүргөн топ аныкталдыПрезиденттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөт
Садыр Жапаров пансионаттардын ээлерине эскертүү берди
27.04.2022 | 16:29
Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына Ысык-Көлдөгү пансионтардын ээлерине эскертүү берди.
“Кечээ дагы бир Жарлыкка кол койдум. Алдын ала эскертип коеюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары (очистное сооружение) жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынат. Ошондуктан быйылкы сезондо тапкан каражатыңарга дароо саркынды суу тазалоочу жайларды салгыла! Бир топ пансионаттардын ээлери уюшуп, бир эле саркынды суу тазалоочу жай салып, анан туташтырып кошуп алсаңар туура болот деп ойлойм. Бул боюнча Мамкурулушка тапшырма бердим, уюштуруп берет”– деп жазган өлкө башчысы.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат