Кытайда канаттуулардын тумоосу биринчи жолу адамга жуккан учур катталды

Кытайда канаттуулардын тумоосу биринчи жолу адамга жуккан учур катталды

Кытайда канаттуулардын тумоосунун H3N8 штаммына биринчи жолу адамга жуккан учур катталды. Бул тууралуу бүгүн Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясына шилтеме берүү менен кытайлык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Инфекция борбордук Хэнань провинциясындагы Жумадиан шаарынын төрт жаштагы тургунунда тастыкталган.

Инфекция 5-апрель күнү үй канаттуулары менен байланышуунун натыйжасында болгон. Баланын абалы начарлап кеткендиктен 10-апрелде ооруканага жаткырылган.

Ооруга чалдыккандардын бардык жакындары дени сак экени такталууда.

Комиссиянын алдын ала баалоосуна ылайык, H3N8 штаммы «адамдарды эффективдүү жугузуу жөндөмүнө азырынча ээ эмес», ошондуктан масштабдуу эпидемия коркунучу төмөн бойдон калууда.

H3N8 грипп штаммы канаттууларда, иттерде жана жылкыларда кездешет.

Азырынча вирустун бул штаммынын адамдарга жуккан учурлары расмий түрдө каттала элек. Ошол эле учурда, агенттик белгилегендей, H3N8 1889-1890-жылдардагы грипп пандемиясынын себеби болушу мүмкүн, ал 1 миллионго жакын адамдын өмүрүн алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>