Ташиев менен Ятимов: Чек ара боюнча акыркы чечим жакын арада кабыл алынат (видео)

Ташиев менен Ятимов: Чек ара боюнча акыркы чечим жакын арада кабыл алынат (видео)

Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматынын башчылары 2-октябрь күнү Баткен шаарында №44 протоколго кол коюшту. Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун макулдашуудан кийинки билдирүүсү тажик ЖМКсына жарыяланды.

Тажик коопсуздук кызматынын жетекчисинин айтымында, протоколду ишке ашырууда мурда чыр-чатактарга негиз болгон жагдайлар чечилет. Ал бул макулдашуу эки өлкө башчыларынын жана элдин калоосуна жооп берерин белгилейт.

“Протокол максаттуу жана кадам сайын ишке ашырылат. Кыска убакыттын ичинде негизги документти кабыл алууга жетишебиз. Бул макулдашуу эки тараптын көп күч короткон жумушунун жыйынтыгы жана ал аймакта тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыздайт”, — деди Саймумин Ятимов.

Камчыбек Ташиев дагы чек араны аныктоо боюнча акыркы чечим жакын арада кабыл алынарын белгилеп өттү.

“Бул протокол бизге чек арадагы баардык суроолорду чечүүгө, мамлекеттик чек араны тилкесин аныктоого негиз болот. Кудай буйруса жакынкы арада акыркы чечим кабыл алабыз. Бул документти даярдаган топко ыраазычылык билдирем. Өкмөт аралык комиссия тынымсыз, такай иш алып барат. Кудай буйруса, чек арада тынчтык болот. Эки эл достукта жана ынак мамиледе жашайт», — деди Камчыбек Ташиев.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин маалыматында, кечээ Баткенде Камчыбек Ташиев менен  Саймумин Ятимов тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелердеги өтүүсүн мындан ары тактоо иштерин активдештирүү зарылчылыгы жөнүндө чечимге келишти.

Ага чейин президенттин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов социалдык тармакта “чек ара маселеси боюнча тарыхый чечим кабыл алынганы” тууралуу маалымат тараткан.

№44 протоколдун мазмуну жана кайсы талаш тилкелер боюнча макулдашууга жетишкени айтылбайт.

Эскерте кетсек, сентябрь айында Камчыбек Ташиев тажик бийлигин Кыргызстанга каршы аймактык дооматтардан баш тартууга чакырган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>