Садыр Жапаров: Алты ай патент менен иштөөгө уруксат берилет (видео)

Садыр Жапаров: Алты ай патент менен иштөөгө уруксат берилет (видео)

Ишкерликтин айрым түрлөрүнө патентти жоюу жана бирдиктүү салык төлөө тутумуна өтүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Дордой» базарынын соодагерлери менен жолугушуу учурунда айтты.

Анын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы өзү реформага даяр эмес болуп турат.

«Мен Министрлер кабинети менен сиздердин ортоңордо ортомчумун. Эки тарапка тең тартпайм. Эки күндөн бери баарын иликтеп көрдүм. Андыктан июль айына чейин баарын азыркыдай калтырууну тапшырдым», — деди ал.

Президент патент системасын сактап калууга коррупцияга аралашкан аткаминерлер кызыкдар экенин белгиледи. «Алардын кызыкчылыгы бар», — деп кошумчалады.

Садыр Жапаров соода жүгүртүнүн жалпы көлөмүнөн салыкты 8 миллиондон 15 миллион сомго чейин көтөрүүнү дагы сунуштап жатканын айтты.

«Биз контейнерде олтургандардан эмес, ошо контейнерлерди ижарага бергендерден, дүңүнөн товар алып келип, силерге тапшырып, акчасын чөнтөккө салып кеткендерден алалы деп жатабыз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>