Садыр Жапаров “Шакини” Глазгодон учак менен алып келген

Садыр Жапаров “Шакини” Глазгодон учак менен алып келген

Садыр Жапаров Аю Холдингдин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовду Шотландиянын  Глазго шаарынан учак менен алып келген. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламент жыйынында депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев тышта жүргөн ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду колдоп алуу боюнча Акылбек Жапаровго суроо салды.

Шаршенбек Абыдкеримовдун фирмаларында 7000ден ашык киши иштейт. Ал чет өлкөдөгү бизнестерин кайрадан ордуна келтирип, тапкан кирешесин кыргыз экономикасына салам деп тышта жүрөт. Ушундай бизнесмендерди ар дайым колдошубуз керек. Албетте ар кандай учурда, ар кандай кырдаал болгон. Азыр ал бүткүл коомдук иштерин тапшырып берип, Аю Холдинги менен ден-соолугун чыңдап жүрөт. Кудай буюрса миллиондогон долларларды кыргыз экономикасына сала тургандай кылып тыштагы бизнестерин түптөп жатат.  Тыштан тапкан акчасын Кыргызстандын экономикасына салам деп жүрөт. Ушуну да эске алсаңыз. Коомчулукка да кайрылат элем, дагы кимде суроо бар, берсеңиздер болот. Бирок, мен анын пресс-катчысы эмесмин, досумун. Ал жөнүндө маалымат бар менде”-деди.

Ал ортодо Акылбек Жапаров депутаттын суроосуна жооп берип жатып Шаршенбек Абдыкеримовду колдоого даяр экенин, керек болсо президент Садыр Жапаровдун чет өлкөдөн учак менен алып келгендеринен бери айтып берди.

Мен билгенден азыр деле Кыргызстанга келип иштей берүүгө укук коргоо органдарынан тоскоол жок.  Президентибиз Глазгого барганда бортко салып, чогуу ала келген. Азыр сиз айтканды айтып… Акчаны башкарууда, бизнес кылууда композиторлор ыр жазгандай эле Алла Таалам талант берет экен да. Эң талантуу кыргыз атуулдардын бири. Акчанын да, бизнестин да тилин билет экен… Шаршенбек Абдыкеримовго шартты түзүп берүүгө даярбыз.  Биз азыр арак жаатында системалуу өзгөртүүгө бара жатабыз. Ошол салыктарды туура, убагында гана төлөшү керек”-деди.

Шаршенбек Абдыкеримов “Кыргызстан” саясий партиясынын негиздөөчүсү. Соңку саясий кадамы Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого Нарын округунан талапкерлигин көрсөтүп, кайра алып салган.

Кастинг учурунда Шаршенбек Абдыкеримов шайлоого катышуудан баш тартты (ВИДЕО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>