Сырткы видеобайкоо тутумуна жаңы эреже кирди

Сырткы видеобайкоо тутумуна жаңы эреже кирди

Президент Садыр Жапаров “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 11-майында кабыл алынган.

Маалыматка караганда, кабыл алынган мыйзам республиканын бардык аймактарында тышкы видеобайкоо тутуму менен жабдылган юридикалык жана жеке жактарга иш алып барган объекттерге тиешелүү, бул өлкөдө кылмыштын алдын алууда кошумча чараларды түзүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча, тышкы видеобайкоо тутумун түзүүгө тийиш болгон тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объектилеринин тизмесин бекитет

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>